www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жанар Акаев:

Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча маселе көтөрдү.

"5-апрелде чырактай кызды зордук менен уурдап бара жаткан видео болгон сайттарга чыкты. Кыздын туугандары милиция кызматкерлерине кайрылышты. Милиция эмнеге убагында реакция кылган жок? Ошол жерде унаанын номери турат. Ошол кеткен багыт менен барганда Айзаданын өмүрүн сактап калганга мүмкүнчүлүк болмок. Зөөкүрлөрдүн бардыгын коомчулукка алып чыкмакпыз. "Коопсуз шаар" долбоору бир гана жарандардан айып пул чогултуучу систем эмес, биздин жарандардын коопсузудугу болуш керек. Борбор шаарда жашоо кооптуу болуп калды. Уурулар көбөйүп кетти. Жергиликтүү чабан телефон чалганда милиция кызматкерлери барып жатат. Президент жүздөгөн адамдарга ырайым берип, түрмөдөн чыгарып жатат. Кимдер чыгып жатат? Ошолордун бардыгын азыркыдай кылмышка катышпайт деп эч ким кепилдик бере албайт", - деди Жанар Акаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости