www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Редакциябызга “милициялар ишиме анча маани бербей жатат, кылмышка шектүүлөрдү алып барсам да, эмнегедир укук коргоо органдары көңүл бурушпай койду, кайрылбаган адамым калбады”- деп капа болгон зергер жигит Данияр Акматов кайрылды.

-2016-жылдын 20-октябрынан 21ине караган түнү  бир ай бою уктабай жасаган 700 миң сом өлчөмүндөгү зер буюмдарым  Ново-Пакровка айылындагы, Максим Горкий көчөсүндөгү  47-үйдөн уурдатып алдым. Окуя болоор замат Ысык-Ата районундагы жана Кант шаарындагы ИИБге арыз менен кайрылып, ири суммадагы зер буюмдарым жоголгонун кабарлагам. Кант шаарындагы ИИБнен Түгөлбай уулу Жайчыбек аттуу тергөөчү  арызымды кабыл алып, кылмыш ишин козгогон. Бирок, ал акча талап кылды. Акча бере албаганым үчүнбү же  ишти аягына чейин иликтегиси келбей койдубу эмнегедир көңүл кош мамиле кылып койду. Зер буюмдарым табылып калсын деп, шек санаган адамдарды  ИИБге бир жарым ай ташыганымдан майнап чыккан жок. Себеби, шектүү деп алып барган балдарды  бир да жолу суракка алган жок. Айлам кеткенде тергөөчүнүн үстүнөн арыз жазып, Канттын прокуратурасына кайрылдым. Бирок, маселем ал жерден деле чечилип кеткен жок. Тескерисинче, менин  ишимди көңүл кош мамиле кылган тергөөчү Түгөлбай уулу Жайчыбек  “менин үстүмдөн эмне арызданасың” деп делону алдыма ыргытып койду. Анын орой мамилесинен кийин  Кант шаарынын  сотуна кайрылдым. Сот Түгөлбай уулу Жайчыбектин иши мыйзамсыз деген чечим чыгарып берди.  Бирок, соттун чечими чыкканча  Түгөлбай уулу Жайчыбеки башка жооптуу кызматка которулуп кетти.  Бир жумадан кийин Таалай деген тергөөчү ишти өз көзөмөлүнө алды. Бирок, “тиешелүү документтердин  жоктугунан ишти ачыш кыйын болуп жатат”- деди.  Азыр менин ишим  үчүнчү тергөөчүнүн колуна өттү. Тергөөчү алмашып, мен улам жогорку жактагысына кайрылып, зер буюмдарымды таап берсе экен дегеним  менен ишимден жыйынтык чыкпай санаага батып жатат. Себеби, ал зер буюмдардын баары меники эмес, элдики болчу. Мен заказды алып, макулдашкан күндө жасап барып берчүмүн. Эгер айткан күнү зер буюмдарды талапка жооп бергендей кылып жасай албасам же бүтө албай калсам, кардарларга айып пул төлөчүмүн. Эми карызым 700 миңден да жогорулады.

-Зер буюмдар жоголгон үй кимге таандык эле?

-Мени менен бирге иштеп, чогуу зергерлик кесип менен алектенген Каныбек Каныеев деген  жигиттин туугандарына таандык болчу. Патент төлөп, зер буюмдарды жасоочу жайга айлантып алганбыз.  Анан иши жок балдарды алып барып, зергерлик өнөрдү үйрөтчүбүз.

-Ал үйдө бирөө жарым-жашачу беле?

-Негизи бизден башка эч ким болчу эмес. Ал күнү Каныбек экөөбүз жумуштарыбыз чыгып, эрте кетип калганбыз. Убактылуу жашап,  зергерликти  үйрөнүп жаткан  эки бала калган. Анан эле минтип 700 миң сомдук зер буюмдар жоголуп, карыздан кантип кутулабыз, зер буюмдарды кантип кайтарып беребиз деп санаага батып, азапта калдык.

-Жоголгон зер буюмдарды тымызын иликтеп, ким, кантип алып кеткенин биле алдыңарбы?

-Улуту башка кошунамдын айтканына караганда зергерликти үйрөнүп жаткан жаш балдар, өздөрү эшикке чыгып, келген кишиге беришкен. Бул чоң сумма болуп жаткан үчүнбү же жанагы балдар жамандык кылып коёт деп ойлоп кооптонуп атабы, кошунам иштин кандай болгонун бизге айтканы менен күбө болуп бериштен чочулап жатат. Ууруларды колум менен кармап албасам да, үйдө иштеген эки баланы суракка алса, иштин чоо-жайы билинеби деп бир жарым ай, 50 миң сомдой чыгым болуп, өзүм шек санаган эки баланы Кант шаарынын ИИБине ташыдым. Тилекке каршы, жогоруда айткандай мен шек санап жүргөн балдардын бирин да  бир да жолу тергөөчү суракка алган  жок. Анын бири Россияга кетсе, экинчисинин дайыны жок болуп калды.

Тергөөчүлөрдүн көңүл коштугуна чыдабай зер буюмдарды чогуу жасаган Каныбек деген жигит экөөбүз илинчек таап, жоготкон буюмубузду таап алабызбы деген үмүт менен издей баштадык. Зер буюмдарыбызды Бишкектеги “Берен Голд” соода түйүнүнүн биринчи кабатынын 10- катарынан Асиева Нүргүл Садировна сатып жаткан жеринен таанып, 500 граммына күрөө таштап, тергөөчүТүгөлбай уулу Жайчыбекке алып барып бердик. Алар Асиева Нүргүл Садировнанын  дүкөнүнө  келип, ишти иликтей баштаганда Нүргүл Асиева жогору жактагы тааныштарына байланышып, тергөөчүнүн телефонуна чалдырып, толук текшертпей койгон. Бир айдан кийин мага бир ооз айтып койбостон, сатуучунун эле эмес, мага да таандык зер буюмдарды Асиева Нүргүлгө  кайтарып берип коюптур.

-Силерге таандык зер буюмдар зер дүкөнгө ошол бойдон эле коюлуптурбу же?

-5 повилондо иштеген Дима деген жигитке таштарын алмаштыртышыптыр. Бирок, ташын 90 жолу алмаштыртса дагы, күнү-түнү уктабай чыгармачылык менен жасаган зер буюмдарды алыстан эле тааныйбыз. Башкача айтканда,  аржитектор болгонум менен 13 жылдан бери зергерчилик кылам. Уктап жаткан  жеримден ойготсо да,  зер буюмдардын ичинен өзүм жасаганды таап чыгам.

Укук коргоо органдары ары-бери жумшап, мени убара кылбай эле “Берен Голд” соода борборундагы сатуучу Асиева Нүргүл Садировнаны жакшылап суракка алса эле, иш кандай болгону айдан ачык болмок. Зер буюмдар сатылып жаткан жеринен да таап бергениме карабай, ишти ача албай жатышат.  Укук коргоо органдары шалаакылык кылып, ишиме кайдыгер карап жатканына карабай таап береби деген үмүтүм зор. Мага окшогон карапайым адамдын да үнүн угуп, маселесин көз жаздымга калтырбайт деп ойлойм.

Чынайым Кутманалиева

Последние новости