www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сексуалдык мүнөздөгү ыплас иштерге атасынын агасын айыптаган 10 жаштагы кыздын чоң атасы өз жанын кыйды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 31-январь күнү Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Арашан айылындагы үйлөрдүн бириндеги сарайдан 64 жаштагы кишинин сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Ал өлүм алдында жазган катында күнөөсү жок экенин айтып, жаралган жагдай үчүн кечирим сураган.
Ошондой эле, милиция ал кыздын багып алган чоң атасы экенин маалымдады. ЖМКлар кыз өгөй атасынын ата-энесинин колунда тарбияланып жатканын жазган. ОИИБ сексуалдык аракеттер тууралуу даттанган кыз чынында эле ушул үйдө жашай турганын тастыктаган.
Белгилей кетсек, буга чейин милиция эркек киши жашы жете элек секелек кызга асылган деп шектелип жатканын кабарлаган.
"Кыз милицияга чоң ата, чоң энеси менен жашап, ата-энеси менен сүйлөшпөй турганын айткан. Аны 10-январь күнү Чүй облустук ооруканасына жаткырышкан. Кийин социалдык кызматкерлерге өткөрүп беришкен. Ал милицияга үйдө жашаган өгөй атасынын агасы эки жыл мурун Арашан айылындагы талаада сексуалдык ыплас иштерди жасап, эч кимге айтпашын талап кылганын билдирди. Андан кийин да мындай иштерди жасоого аракет кылганда качып чыкканын айтууда", — деп жазылат маалыматта.
Буга шектелген 34 жаштагы киши күнөөсүн четке кагып жатат. Милиция кыз менен чогуу жашагандарды дагы суракка алганда алар да төгүндөгөнүн кошумчалады.
Учурда тергөө жүрүп жатат.
Булак: NazarNews.kg