www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте белгисиз жаран мектеп окуучуларына бычак ыргыткан деген билдирүү ырасталган жок. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, 17-майда кечинде «102»  кызматына Саманчин көчөсүндө «белгисиз адам мектеп окуучуларына бычак ыргытып жатат» деген маалымат түшкөн.

Аталган факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.

Милициядан билдиришкендей, жерине барган укук коргоо кызматкерлери мас адамды көрүшкөн. Бирок анын балдарга бычак ыргытып жатканы тууралуу факт ырасталган эмес. Коомдук жайда ичимдик ичкени үчүн 33 жаштагы З.И. аттуу адамга «майда бейбаштык» беренеси менен протокол түзүлүп, ал милициянын атайын камак жайына камакка алынган.

Эскерте кетсек, «майда бейбаштык» үчүн 5,5 миң сом айыппул же 30дан 40 саатка чейин коомдук жумуштарга тартуу, болбосо 3төн 5 күнгө чейин камакка алуу жазасы каралган.

 

Булак:NazarNews.kg

 

Последние новости