www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Сулаймановдун мурдагы жубайы А.А.га коргоо ордери берилип, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.
Шаардык милициянын маалыматына ылайык, Асел Азаматова 26-январда арыз жазып, мурдагы күйөөсү узак убакыттан бери психологиялык кысым кылып келатканын, буга чейин зомбулук көрсөткөнүн айткан.
“Учурда бардык зарыл болгон текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат кийинчерээк берилет”, - деп айтылат маалыматта.
Окуя шаардык милиция жетекчисинин жеке көзөмөлүнө алынды.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулаймановдун мурдагы жубайы Асел Азаматова көп жылдар бою үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганын ачык жарыялап, коомчулукта чоң резонанс жаратты. Анын айтымында, бул зомбулук системалуу мүнөздө болуп, кош бойлуу кезинде да улантылган.
Тредс социалдык тармагындагы билдирүүсүндө Асел Азаматова Сулайманов менен 2016-жылы баш кошконун, алгач үй-бүлөлүк жашоо салыштырмалуу тынч болгонун, бирок эки жылдан кийин күйөөсү кол көтөрө баштаганын жазган. Ал балдарын атасыз калтырбоо үчүн көп жылдар бою зомбулукка чыдап келгенин белгилейт.