www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Санрабия Сатыбалдиева 3-ноябрда түндө Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө абагына 48 саатка камалганын билдирди. Анын айтымында, кош бойлуу журналист абалы начарлап ооруканага жеткирилди. Анын алдында дагы милициядан ооруканага жеткирилип, дарыгерлердин "боюнан түшуп калуу коркунучу бар" деген корутундусуна карабай камакка алынган. Учурда үйүндө эки жашар кызы калганы кабарланууда.

Санрабия менен кошо оператор Калыс Аширбеков дагы камалганы айтылууда.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналист менен оператордун камалганы тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Сатыбалдиева жаз айынан бери Бишкекте жашап жаткан, ага чейин Жалал-Абад шаарында “Аймак”, “Взгляд” гезиттеринде жана жеке менчик “Чолпон ТВ” телеканалдарында кабарчы болуп иштеген.

Ал социалдык тармактарда бийлик өкүлдөрүн сындага билдирүүлөрдү жазып жүргөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости