www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунда өлкөдө тыюу салынган «Йакын Инкар» диний-экстремисттик уюмунун лидерлери аныкталды. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.
Милициядан билдиришкендей, Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренеси (экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 4-майда аталган экстремисттик агымдын активдүү мүчөлөрү болгон 54 жаштагы Х.Ш., 45 жаштагы Ш.Д., 61 жаштагы Х.М. жана 51 жаштагы А.А. аттуу тургундардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлүп, күмөн жараткан 51 китеп, 2 телефон, 9 баракча, 1 дептер, 3 DVD диск, 3 кассета, 5 флеш карта жана 1 ноутбук табылып алынган. Алынган буюмдарга тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Аталган жарандар милицияга жеткирилип, түшүндүрүү иштеринен кийин алардын бирөө «Йакын Инкардын» идеялогиясын колдоодон баш тартарын билдирген.
Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери уланууда.
Булак: NazarNews.kg