www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

22-мартта саат 10:00дө Эски аянттагы Жогорку Соттун имаратынын алдында 13 жашында зордукталган кыздын жакындары митингге чыгышат.

Эске салсак, буга чейин Жогорку Сот 13 жаштагы секелекти зордуктоо боюнча төртүнчү айыпталуучуну 8 жылга эркинен ажыратуу чечимин күчүндө калтырган. Ал эми 22-мартта Жогорку Сотто эки милиционердин өкүмү боюнча жабыркаган тараптын даттануусу каралат.

Маалым болгондой, 13 жаштагы кызды зордуктоо боюнча кылмыш иши 2022-жылдын 8-июлунда сотто карала баштаган. Кылмыш ошол жылдын февраль айында жасалган.

Март айында кылмышка шектелип эки милиция кызматкери жана "Дордой" базарынын күзөтчүсү кармалган. Ошондой эле Биринчи Май райондук соту зордуктоого шектелген төртүнчү – официанттын ишин караган. Сот аларды 10 жана 15 жылга эркинен ажыраткан.

Бирок Бишкек шаардык сот айыпталуучулардын жазасын жеңилдетип, жаза өтөө мөөнөтүн 6 жана 9 жылга кыскарткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости