www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 “Казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса”-дегендей учурда эң көп акча бөлүнүп, мамлекеттик бюджетти кайсап жаткан Жогорку Кеңеш. Анткени, мамлекеттик бюджетти парламент бекитет, акчаны бөлүштүргөн учурда “Кол ийрисине тартып” кетип, ансыз деле тартыштык менен кабыл алынып жаткан мамлекеттик бюджеттин миллиарддаган сомун 120 депутат өздөрүнө шилеп алышат.

Депутаттар канчадан акча алышат? Расмий айтканда депутаттардын айлыгы 40 миң сом дешет. Бирок, депутаттар 40 сомдон айлык алышат экен десе уккан кишилер артынан күлүшөт. Бул жөн гана айлыгы. Андан тышкары наамына, чинине, сыйлыгына кошулуп отуруп 100 миң сомдон ашып кетет. Мындан тышкары квартал сайын “премиальный”, сезон сайын акча алып турушат, мисалы азыр күзүндө депутаттар салат, “варенье” жасап алсын деп акчага жетпей башкалар жүрсө, бюджеттен миллиондогон сом бөлүнөт.

Азыркы учурда ар бир депутатты кармоодо мамлекет жылына болжол менен 6 жарым миллион сомдой чыгымга учурайт. Өзгөчө соңку чакырылыштагы депутаттар ишке каалаганда келип-кетүү, же себепсиз келбей коюу, кнопка басуу, ордунда жоктор үчүн кыдырып добуш берүү, криминалдар менен кызматташуу, өз оюн таамай айта албагандардын арбындыгы, элдин мүдөө-талабын эске албай, ар кандай кызыкчылыктардын таламын талашуу менен парламенттин беделин кетирип бүттү. Кыргыз парламентаризминин акыркы он жылдыктагы тарыхы көп депутат – мыкты парламент дегенди түшүндүрбөсүн далилдеди.

Депутаттык корпусту кыскартуу бери дегенде бюджеттик каражатты үнөмдөп, ары дегенде парламент ишмердигинин натыйжалуулугун арттырат. Ошондо партиялар шайлоо тизмесин эптеп толтурбай, ич ара иргеп, тандоого өтөт. Парламентке элдин таламын талашкан, билимдүү, чыныгы элдик лидерлер келишине жол ачылмак. "Мекеним Кыргызстан" партиясы мамлекеттик башкарууга натыйжалуу механизмди киргизүүгө ынтызар, бул партия депутаттардын санын эки эсе кыскартууга даяр.

2010-жылы апрель төңкөрүшүнөн соң Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басары Текебаев Өмүрбек Чиркешович башында турган Конституциялык комиссия түзүлүп, мурунку Конституциянын ордуна азыркы учурда иштеп жаткан 120 депутаттуу парламенттик мамлекет түзүлөт. Эске сала кетсек мурунку Конституция менен 90, андан мурункуда 70 гана депутат, андан тышкары буга чейин президенттик башкаруу болгон. Биринчи жана экинчи парламент Эл өкүлдөр жыйынын кошпогондо 35 эле адамдан туруп, бардыгына жетише алган. 2007-жылга чейин ар бир округдан мажоритардык түрдө депутаттар шайланып келишкен. Балким, эми "Мекеним Кыргызстан" партиясы парламентке келсе мамлекеттик бюджеттен алты жарым миллион сом бөлүнгөн парламенттеги депутаттардын саны азайар.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости