www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиялык белгилүү дарыгер жана алып баруучу Елена Малышева дүйнөдөгү эң кооптуу илдеттерди атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Малышеванын айтымында, коронавирус пандемиясынан улам адамдар чындап коркунуч алып келе турган ооруларды унутта калтырып жатышат.
"Коронавирус өлүмгө кептей турган оорулардын арасында 17-орунда турат. Ал эми эң кооптуу бештикке кургак учук, гепатит В, пневмония, ВИЧ/СПИД жана безгек кирет", — деп белгиледи Елена Малышева "Здоровье" берүүсүнүн эфиринде.
Дарыгердин айтымында, коомчулук коронавирус менен башын оорутуп жатып вакцина жана дарысы табылса дагы, ушул убакка чейин адам өмүрүн эң көп алган ооруларга көңүл бурулбай жатат.
Булак: NazarNews.kg