www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

43 өлкөдө бир миллиарддан ашык адам холера менен ооруп калуу коркунучунда. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) холера жана ич өткөктүн эпидемиялык оорулары боюнча тобунун лидери Филипп Барбоза, ушул аптада үч өлкөдө холера оорусунун жаңы учурлары катталганын билдирди.

«Биз 43 өлкөдө бир миллиарддан ашык адам холера менен ооруп калуу коркунучу бар деп эсептейбиз. Акыркы жумада эле үч өлкөдө жаңы эпидемиялар катталды. Учурда ДСУнун беш аймагында жайгашкан 22 өлкө холера эпидемиясы менен күрөшүп жатат», - деди Филипп Барбоза брифингде.

Барбоза 2022-жылы холера эпидемиясы 2021-жылга караганда эки эсе көп өлкөгө туш болгонун эске салды. Ошондой эле, өлүмдүн көрсөткүчү акыркы 10 жыл ичинде эң жогорку болуп, 2% га чейин жол берилген көрсөткүчтөрдөн ашкан. Анын айтымында, холера илдеттеринин санынын өсүү тенденциясы уланууда. Ал белгилегендей, оорулардын көбөйүшү жакырчылыктан, чыр-чатактардан жана табигый кырсыктардан болуп жатат.

2022-жылдын сентябрында ДСУ холеранын кеңири жайылышын жарыялаган. Анын өлүмү беш жылдык орточо көрсөткүчтөн үч эсеге өстү. 2022-жылдын декабрында ДСУ да холерага каршы вакциналардын жетишсиздигин билдирген. Филипп Барбоза холерага каршы вакциналардын дүйнөлүк запастары "өтө аз" экенин айтты.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости