www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ричард Брэнсон англиялык бизнесмен жана миллиардер. Брэнсондун “Virgin Group” корпорациясынын курамына 400дөн ашык мекемелер кирет. Ал өзүнүн жетишкендиктери тууралуу бир нече китеп жазган. Төмөндө миллиардердин китебиндеги ийгиликке жетүүнүн 10 сырын силерге айтып беребиз.
Кыялыңарды орундаткыла
Бизнести акча үчүн эле баштаган туура эмес. Жасап жаткан ишиңерден ырахат алгыла. Кандай иште болбосун өжөрлүк керек. Мисалы, мен студент кезимде бир журналга интервью даярдаш үчүн тааныган атактуу адамдардын бардыгына кат жөнөткөм. Алардын ичинен бир-экөө гана жооп берген. Бирок жооп берди да, туурабы?
Сиздин бизнес адамдардын жашоосун жеңилдетиш керек
Сиз сунуштап жаткан кызматты колдонуп жаткан кардарлар “мурун буларсыз кантип жашап келгенбиз?” деп айтышы керек. Эсиңерде болсун, сиздин бизнес дүйнөнү жакшыртууга багытталган. Мындай ой менен иш алып баруу кыйла жагымдуу.
Идеяңарга ишенгиле
Идеяңыз сизге дем-күч берип турушу керек. Андан тышкары, өзүңөрдүн идеяңар менен башкаларды да шыктандыргыла. Ошондой эле сиздин сунуш башкалардыкынан айырмаланып туруш керек жана мыктыраак болушу керек.
Жасаган ишиңерден рахат алгыла
Жумушуңду берилип жасаганга жана андан рахат алганга эч нерсе жетпейт. Бул чексиз бакыт!
Командаңарды сыйлагыла
Командаңарга кам көрүп, аларга бардык шартты түзүп бергиле. Команданын ар бир мүчөсү өзүнүн функциясын дилгирленип аткарсын.
Багынбагыла
Биринчисинде ишке ашпай калса, дароо баарын таштап салбагыла. Жеңилбегиле! Бардыгына кол шилтеп, оңой жолго түшүп алгың келет, көйгөйдү чечүү мүмкүн эместей сезилет, бирок бул жаңылыштык. Эч качан утулбагыла!
Жасай турган ишиңерди күндө тизмектеп жазгыла
Мен күндө бүтүрө турган жумуштарымдын ондон ашык тизмегин жазам. Бул сапат ийгиликтүү ишкерди башкалардан айырмалап турат. Андан тышкары, күндө жаңы максаттарды коюу зарыл. Бир жылдык, бир айлык, бир жумалык пландар болууга тийиш.
Башкаларга тапшырма бергенди үйрөнгүлө
Мыкты ишкердин башкы сапаттарынын бири – бул кандайдыр бир ишти сенден жакшы билген адиске өткөрүп берүү. Мен бизнесменмин, бирок эч убакта мыкты менеджер боло албайм. Ошондуктан кесипкөй адамдарды командама чогулткам.
Булак: Азия News гезити