www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакынкы 5 жыл ичинде дүйнөдөгү миллиардерлердин саны 4 миңге жетиши мүмкүн. Аналитиктердин айтымында, бул глобалдык теңсиздиктин ылдам өсүп жатканын билдирет.

Мындай жыйынтыкты “Knight Frank” компаниясынын жаңы изилдөөсүнүн авторлору айтышканын “The Guardian” басылмасы жазып чыкты.

Учурда дүйнөдө 3 миңден ашуун миллиардер бар жана алардын жалпы байлыгы рекорддук ылдамдыкта өсүүдө. “Ультра байлардын” жаңы толкунуна негизги түрткү болуп технология тармагы жана жасалма интеллект эсептелет. Бул тармактар мурдагы мезгилдерге салыштырмалуу кыска убакытта ири байлыктарды жаратууда.

Божомолдорго ылайык, өзгөчө Азияда жана Жакынкы Чыгышта миллиардерлердин саны тез өсөт. Мисалы, Сауд Аравиясында алардын саны дээрлик үч эсеге көбөйүшү күтүлүүдө. Ошол эле учурда адистер байлар менен жакырлардын ортосундагы айырма улам күчөп жатканын белгилешет.

“Oxfam” уюмунун баалоосу боюнча, миллиардерлердин жалпы байлыгы 18,3 триллион долларга жетип, бул тарыхтагы эң жогорку көрсөткүч болуп саналат.

Бул жагдайда супер байларга салыктарды жогорулатуу боюнча чакырыктар күчөп жатат. Бул идеяны айрым миллионерлер жана миллиардерлер да колдошууда.

Январь айында дүйнөдөгү эң бай 400гө жакын адам ачык катка кол коюп, ири байлыктарга олуттуу салыктарды киргизүүнү талап кылышкан. Алар байлыктын ашыкча топтолушу демократияга жана саясий туруктуулукка коркунуч жаратарын белгилешкен.

Изилдөөнүн авторлору эгер учурдагы тенденция уланса, дүйнөлүк экономика барган сайын аз сандагы супер бай адамдардын таасирине көз каранды болуп калат деп эскертишет. Бул таасир бизнес менен гана чектелбестен, саясатка, медиага жана технологиялык өнүгүүгө да жайылат.

Последние новости