www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 СССР компартиясынын акыркы Башкы катчысы жана өлүп жок болгон империянын жапжалгыз президенти тарыхта өчпөс изин калтырган. Мурунку мекенинде ага түрдүү көз караш менен карашат. Кээ бирөө «биримдиктүү жана зор» мамлекеттин таш-талканын чыгарып кеткени үчүн аны каргап жатса, кээ бирөө жаңы демократиялуу коомдо байлыкка жетишип, алып сатар деген атына укмуштуу бизнесмен деген ат койгону үчүн анын таманынан өпкүсү келет. Учурда Михаил Сергеевич Горбачев  кандай жашап жатат?Советтер Союзу тараган соң Михаил Сергеевич Горбачев  бийликтен жогорку кызмат үмүт кылбай өмүрүнүн аягына чейин жете тургандай байлык жана кол тийбестик кепилдигин алган. Ага жакшы жашоо үчүн мыкты имараттарды беришип, аны кайтаруу үчүн жан сакчыларды чектешип, өкмөттүк дачаларда жашоого укук беришип, персоналдуу пенсия чектешкен.

Жаңы демократиялуу мамлекетте Михаил Сергеевич Горбачев  эл алдына чыкканды каалабай калган. Кайсы бетине чыгат, эл жүнүн жегендей жеп койбойбу? Мурунку замандагы көпчүлүк анын азыркы кездеги жашоосу тууралуу кызыгышат. Мурунку токсонунчу жылдары ал эмес эки миңинчи жылдары Михаил Сергеевич Горбачев  дүйнө боюнча ар кандай лекцияларды окуп жүрдү. Андан соң ал мемуар жазыш үчүн китеп жазууга киришкен. Андан түшкөн гонорарлар «Горбачев-Фондусуна» түшүп турат.

Бул уюм кайра куруу мезгилиндеги тарыхий айырмачылыкты окуп үйрөтөт. Андан тышкары бул фонддо дүйнөлүк экономиканы да окутуп үйрөтөт. Абдан жакшы төлөнүп берилген пенсия саясатчынын баскан турганын камсыз кылат. Биздин экс-президенттер айына 100 миң сом алышса, Михаил Сергеевич Горбачев  миллионго чукул рубль пенсия алат. Үйдүн ээси катары анын кызы Ирина эсептелинет. Бул хансарай жыйырманчы кылымдын башында курулуп он жети бөлмөдөн турат. Бул жер Тегернзе деген эң ажайып шаркыратманын жээгинде орун алып, бардык аянты 250 000 гектар жерди ээлейт. Бул жер Бавардык Альпынын курорттук аймагындагы  эң мыкты жерлердин катарында орун алган. Бүгүнкү баа менен  7 млн евродон кем болбойт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости