www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ишти аткара албагандар иштен алынат. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда КР Саламаттыкты сактоо министрлигинде республиканын саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилеринин катышуусунда өткөн жумалык жыйында министр Гүлнара Баатырова билдирди.

Алар калкка медициналык жардам көрсөтүү, ОРВИ жана сасык тумоо боюнча эпидемиялык абал, республикадагы коронавирустук инфекция, папиллома вирусуна каршы эмдөө өнөктүгүнүн жүрүшүн талкуулашты.

КР Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова жетекчилер тарабынан ооруканалардагы жана баштапкы деңгээлдеги иштерге көзөмөлдүн жоктугун белгиледи.

«Калктын медициналык кызматты тийиштүү деңгээлде ала албай жаткандыгы боюнча даттануулары толук негиздүү. Менеджмент жана башкаруу жетекчиден көз каранды, ошондуктан бул багытта көзөмөлдү күчөтүүнү суранам. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин протоколдук тапшырмасына ылайык көрсөтүлүүчү кызматтардын бардык стенддери, кошумча төлөмдүн өлчөмү жаңыртылсын. КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин буга чейинки текшерүүсүнө ылайык, орто жана жогорку деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарында реалдуу муктаждык эске алынбай, бул финансылык башкаруунун натыйжасыз болушуна алып келет. Айтайын дегеним, жетекчилердин ишине талдоо жүргүзүлүп, анын негизинде тиешелүү жыйынтыктар чыгарылат», - деди Баатырова.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости