www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы бийликтин алгылыктуу кадрларынын бири катары саналган Социалдык өнүктүрүү, миграция министри Кудайберген Базарбаевдин деле чамасы чарк экен. Аталган министрликти кайра-кайра жетектеген менен купулга толоорлук майнап чыгара алган жок. 

Мына акыркы үч жылда жакырчылыктын саны 900 миңден ашыптыр. Ал эми Садыр Жапаровдун бийликке келиши менен соңку эки жылда жакырлардын саны 566 миңге өскөн. Кудайберген Базарбаев дагы жаңы бийлик менен жармашып министр болуп отурганына эки жылга аяк басып калды. 

Мына дал ушул министрликтин түз милдети болгон калктын социалдык абалы кескин төмөндөп кеткен. Базарбаев министр болгон туштан бери жакырлардын көрсөткүчү 37%ге өсүп жатат. 

Мындан улам, министр Кудайберген Базарбаев президент менен жылына эки ирээт топ кубалаганына куштар болбой, элди жакырчылыктан чыгаруу боюнча план-программа иштеп чыгып, Өкмөттүн коллегиясына сунуштап иш кылса болмок. Жок, отурат шалдырап. Карып иштегенге энергиясы жетпей жатса, жаштарга орун бошотуп берсе болмок тырмышып эле отура бербей... 

Арийне, ушу тапта өлкөбүздө эмне көйгөйлүү? Албетте, миграция жана социалдык камсыздоо жаатында маселе көп. Экономикабызды мигранттардын жөнөткөн каражаты өлтүрбөй сактап турат. Тилекке каршы, алардын укугун коргоо жаатында мыйзамдар, камсыздоолор, аракеттер дээрлик нөлгө барабар. 

Ал эми жөлөкпул маселеси чечилгис көйгөй. Бүгүнкү күнгө чейин, муздаткычың, телевизоруң бар экен деп жөлөкпул бербей кыйнаган көрүнүш кала элек. 
Айрым учурларда эле жардамга муктаж санаалуу жарандарга 10 литр май, 5 кг кесме, 10 кг ун, бирнкант, чай таратып койгонду чоң иш кылып, өзүнүн кээ бир өң карама журналисттерине пиарлатып коюп отурат. Башка кылган иши жок. 

Мына жакында кыргыз тилинде жеткиликтүү сүйлөп, жаза албаган жетекчилер мыйзам чегинде кызмат ордун бошотуп бериши керектиги боюнча атайын жобо ишке кирди. Кыргыз тилине байланыштуу мындай мыйзамды Жогорку Кеңеш кабыл алып, президент кол койду. 

Демек, эми уяты болсо жыла басып жылма саясат жасаган, кыргыз тилинде жазмак түгүл мукактанып мууна сүйлөгөн Базарбаев кызматын тапшырып берип кете берсе жарашмак. Жаштар келсин. Карыганча өз эне тилин үйрөнүүгө көңүл бурбаган кайдыгер абышка министр, эми кыйратмак беле?..

Булак: NazarNews.kg

Последние новости