www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айыл чарба министрлиги Талгарбековдон бери мыкты министрге суусап турат. Шалапай-балапайлардын издеп таап ушул жерге министрге жөнөтүшөт. Азыр да көпчүлүктүн оюн түшүнө бербеген Аскарбек Жаныбеков министр болуп келген. Айыл чарба министринин учурунда баа асмандап баратат. Төмөндө статистикага көңүл буралы. Дүйнөлүк рыноктогу баалар, дүйнөдө болуп жаткан кырдаалдарга жана климаттын өзгөрүсүүнө байланыштуу азык-түлүк продукцияларынын баалары бир гана өлкөдө эмес дүйнө жүзү боюнча кымбаттады, тактап айтканда, 2023-жылдын июль айына карата:

Күрүчтүн баасы:

Кыргыз Республикасы – 134,28 сом

Орусия Федерациясы – 100 сом

Өзбекстан Республикасы – 147,5 сом

Казакстан Республикасы – 186,3 сом

Кумшекердин баасы:

Кыргыз Республикасы – 85,4 сом

Орусия Федерациясы – 62,3 сом

Өзбекстан Республикасы – 110,5 сом

Казакстан Республикасы – 102,2 сом

Эттин баасы:

Кыргыз Республикасы – 548,8 сом

Орусия Федерациясы – 450,4 сом

Өзбекстан Республикасы – 570,5 сом

Казакстан Республикасы – 552,8 сом

Бүгүнкү күндө өздүк өндүрүштүн эсебинен 100%дан жогору камсыздалып турган азык-түлүк продукциялары бул – картошка, жашылча жана бахча өсүмдүктөрү, сүт жана сүт азыктары, андан сырткары 2023-жылга карата алдын ала анализдердин негизинде божомол менен жылдын жыйынтыгында дагы эки азык-түлүк продукциялары менен камсыздалышы күтүлүүдө, тактап айтканда кумшекер, эт жана эт азыктары. Себеби 2022-жылы кант кызылчасынын айдоо аянты 9,3 га түзсө, өндүрүш кумшекерге айлантканда 60,1 миң тонна түзүп, өлкөнүн 58,5 пайызы камсыздалган. Ал эми 2023-жылга карата кант кызылчасы 14,0 мин/га түздү. Алдын ала эсептөөлөр менен ар кандай жагдайларды эске алуу (климаттык өзгөрүүлөр) менен 85,0 миң тонна кумшекер өндүрүү күтүлүүдө. Мындай айтканда өлкөнүн керектөөсүнүн 80%дан жогору камсыздалышы күтүлүүдө.

Ал эми эт боюнча 2021-жылы өздүк өндүрүштүн эсебинен 65,7 % пайыз камсыздалса, 2022-жылы 88,1 %га камсыздалган. Ал эми алдын ала эсептөөлөр менен 2023-жылга карата 90,7%га камсыздалышы күтүлүүдө, бул көрсөткүчтөр мал чарбасынын продуктивдүүлүгүнүн өсүшү, өндүрүүчүлөр сапаттуу жана асылдуулугу жогору турган мал чарбасына өтүүсү, Айыл чарба министрлиги тарабынан сунушталган айыл чарбасын колдоо долбоорлорунун негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жактырылган Агроөнөржай кластерлерин түзүү чечими жана лизинг аркылуу асыл-тукум малдарды сатып алуу каралган. Бүгүнкү күндө өлкөдө турган асылдуулугу төмөндөп кеткен малдарды алмаштыруусу дагы таасирин тийгизди, андан сырткары агроөнөржай кластерлерин түзүү дагы өндүрүүчүлөрдү жана кайра иштетүүчүлөргө өндүрүүгө жана кайра иштетүүгө чоң жардамын тийгизүүдө.

Андан сырткары Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу” жөнүндө мыйзамынын 9-беренесине ылайык

Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугу камсыз кылынды деп төмөндөгү учурларда эсептелет, эгерде:

- мамлекеттик материалдык резервдин запастык деңгээли калктын социалдык жактан аялуу катмарынын негизги тамак-аш азыктарына болгон 90 күндүк керектөөлөрүнүн орду толтурулса;

- республиканын мамлекеттик бюджети ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келген негизги тамак-аш азыктарын ташып келүүлөрүн каржылоого мүмкүнчүлүгү болсо;

- Кыргыз Республикасында колдонулуучу ченемдик талаптарга ылайык келген тамак-аш азыктарынын сапаты, калориялуулугу жана коопсуздугу камсыз кылынса.

Экинчиден, тоюттун кошумча запасы 53,0 миң га аянттагы буурчак өсүмдүктөрүнүн жана 15,300 га аянттагы май өсүмдүктөрүнүн  калдыктарынан пайдаланылат. Резерв катары кант кызылчасын 13,1 га аянттагы кайра иштетүүнүн калдыктары, целлюлоза, патока жана штольня тоют катары пайдаланылат. Көп жылдык чөп жалпы аянты былтыркы жылгы салыштырганда  6200 га көбөйгөн, жалпы 346 миң га түзөт. Мындан тышкары тоют жүгөрү өсүмдүгү 5 714 га айдалып, былтыркыга салыштырмалу 9 %га көп.

Учурда тоют жыйноо жаңыдан башталууда жана даярдоо иштери уланууда. Болжолдонгон тоюттун көлөмү башка тоют өсүмдүктөрү менен толуктала тургандыгы белгиленүүдө жана тоют даярдоонун көлөмү өткөн жылдын деңгээлинен кем эмес болжолдонууда.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

 

Последние новости