www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кыргызстандыктарды COVID-19га каршы эмделүүгө чакырды. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, Бейшеналиев 8-январда өзү коронавируска каршы “Синовак” вакцинасын алды.

Ал Кыргызстанда коронавирус боюнча абал туруктуу экенин белгилеп, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бардык өлкөлөрдү беткап тагынууга жана эмделүүгө чакырып жатканын билдирди.

“Биз бардыгыбыз вакцина менен алдын ала турган ооруларга, анын ичинен COVID-19га каршы күрөшүүнүн эң натыйжалуу ыкмаларынын бири эмдөө экенин түшүнүшүбүз керек. Эмдөө оорулардан коргой алат жана вирусту жуктуруп алуу коркунучун бир топ азайтат”, - деди Бейшеналиев.

Министрлик билдиргендей, Кыргызстанда “Синовак” вакцинасынан жарамдуулук мөөнөтү быйыл июнь айына чейин болгон 150 миң доза бар. Быйыл биринчи кварталда 20 миң доза Pfizer вакцинасы келиши күтүлүүдө.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда жумасына коронавирус жуктурган 2-6 учур катталып, эпидемиологиялык абал туруктуу деп бааланууда.

2021-жылдын мартынан 2023-жылдын декабрына чейин Кыргызстан 6 млн 889 миң 780 доза вакцина алган. Анын 1 млн 548 780 дозасы COVAX тутумунун алкагында келсе, 2 млн 780 миң 200 доза гуманитардык жардам катары алынган. Ал эми республикалык бюджеттен 2 млн 560 миң 800 доза “Синофарм” вакцинасы сатып алынган.

2021-жылы марттан тарта Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи дозасын алгандар 1 млн 700 миң 833 киши болсо, экинчи дозаны 1 млн 516 миң 904 киши алган. Үчүнчү дозаны алгандар 430 миң 329 адам болуп, жалпы 4 млн 700 миң 439 доза вакцина колдонулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости