www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министр Бейшеналиев Женевадагы жөө жүрүшкө катышты

Кечээ, 26-майда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Женевада (Швейцария) Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында өткөн “Ден соолук бардыгы үчүн” иш-чарасына катышты.

Аталган ведомстводон маалымдашкандай, министр Женевада жүздөгөн адамдарды чогулткан жөө жүрүшкө катышты. “Ден соолук бардыгы үчүн” челленджи ДССУнун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейюстун, аймактык директор, доктор Ханс Клюгенин жана башка өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрлеринин катышуусунда өттү.

Чуркоо жана басуу ден соолукту сактоого олуттуу салым кошот: ал жүрөк-кан тамыр оорулары, кант диабети жана рактын кээ бир түрлөрүн азайтат, ошондой эле дененин салмагын көзөмөлдөөгө жана психикалык саламатты жакшыртууга жардам берет.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости