www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Боом капчыгайында улам кайталанган сел, жер көчкүлөр көңүл оорутту. Миңдеген эс алуучулар узак убакытка чейин тыгында турушуп, сарсанаага батышты, кыйналышты. Ысык-Көлдүн сезону күчөп аткан чакта мындай кейиштүү көрүнүшкө баш чайкайсың.
Чет элдик туристтер агыла баштаганда, тийешелүү жетекчилик арканды алыс таштай албады. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев алдын ала иштеп, анализдеп, сак-сактап турушу керек эле.
Эртеңки күнү жамгыр жаап, аба ырайы бузулары белгилүү да. Мындай шартта жол тазалоочу техникаларды белендеп, үзгүлтүккө учуратпай, оперативдүү түрдө кызмат көрсөтүшсө кана? Боом ичиндеги кайсы жерлерден суу, жер көчкү түшөт – бул жагын адистер кылдат изилдеп, талдашса болмок.
Айтор, көп иштерге кайдыгерлик, шалаакылык жасалганын жашырбайлы. Бообек Ажикеев үлгү көрсөтө албай, кол астындагыларын да кыйнап койду окшойт. Эң өкүнүчтүүсү, эс алуучуларга, сырттан келип аткан туристтерге элементардуу шарт түзө алышпады.
Мындай көрүнүштөн соң кайдагы өнүгүүнү айтасыңар? ӨКМ жаратылыштын алай-дүлөйүнө даяр турууга милдеттүү эле. Тилекке каршы, көпчүлүк нааразы бойдон кыжырданууда. Сабак алышпайбы? Кыскасы, профессионалдар келбесе чатак го.
Булак: Азия News гезити