www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындан дээрлик бир жылга чукул убакыт мурун, жыл башында Эркин Чечейбаевди Саламаттык сактоо министри кызматына дайындап, үмүт артканы элдин эсинде. Ага системалуу коррупцияга каршы күрөш, калкты жеткиликтүү дары-дармек менен камсыз кылуу, жаңы медициналык мекемелерди куруу жана жабдуу сыяктуу тармакты өнүктүрүүгө багытталган стратегиялык тапшырмалар коюлган. 

Жаңы министрге эл да чоң ишеним арткан. Себеби ал мурда башкы санитардык дарыгер, министрдин орун басары катары да тажрыйбалуу кадр катары белгилүү болгон. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунда иштеп, эл аралык деңгээлдеги билими менен өзгөчөлөнгөн. Бирок ошол билим менен тажрыйба бүгүн министрликтин ишинде байкалбай турганы өкүнүчтүү.

Мына андан бери бир жылга жакын убакыт өттү, тилекке каршы жыйынтык көрүнбөйт. Министрлик коомчулукка бир дагы ири реформа, бир дагы натыйжалуу программа сунуштай алган жок. Дары-дармектин баасы мурдагыдай эле жогору, айрым аймактарда дарыгерлер жетишсиз, айылдык ооруканалардын абалы оор. 

Кадр маселеси да курч бойдон калууда. Министр бул көйгөйдү чечүү боюнча системалуу чара көргөнү байкалбайт. Президенттен сын уккандан кийин, “жоголгон министр” деген деңгээлге чейин түшүп калды.

Ырас, Эркин Чечейбаев билимдүү, эл аралык тажрыйбасы бар адискенин эч ким танбайт. Бирок министр катары анын ишмердиги коом үчүн көрүнүктүү болбой жатат. Элге сөз эмес, иш керек. Азыр саламаттык сактоо системасы жандандыруучу шок терапияга муктаж. Бирок системанын пульсу да сезилбей турат.

Последние новости