www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандан Орсияга алынып бара жаткан 118,7 тонна айыл чарба продукциясы артка кайтарылды. Мындай маалыматты, Орусиянын айыл чарбасын көзөмөлдөө органы расмий сайтына чыгарды. Карай келсек мындай фактылар толтура.
Ошондо, Чодуев парламенте туруп бети чымырап койбой элге калп айттыбы же биздин өлкөдөн чыккан канчалаган товарлар жетчү жерине жетпей кайра кайтарылып жатканын чын эле билбейби? Анын бул айтканын эшитип калган орусиялык кесиптештери анын “желин чыгарып коелу” деген таризде “подстава” кылып жаткан жокпу?..
Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин 1-октябрдагы тармактык комитетинин жыйынында Кыргызстандын айыл чарба министри Эркинбек Чодуев ЕАЭБге кирген мамлекеттер менен маселе жок экенин кашкайта айтып жатпады беле. Анын айтымында, өлкөдөн жөнөтүлгөн товарларды чек арадан өткөрбөй койгон фактылар жок.
Кыскасы суроо көп, бирок азырынча ушул. Министр мырзанын өзүнүн жообун күтөбүз.
Булак: NazarNews.kg