www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министр Чодуев кызматтан кетеби же…?

Айыл чарба жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев жумуштан кетет экен деген каңшаар тараган. Бирок, ал жумуш ордунда эле иштеп олтуруптур. Анын кызматтан кетейин деген ою деле жок экен. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат катчысы Темиржан Мааткеримов “НазарНьюс” маалымат агенттигине билдирди.

Маалымат катчынын маалыматына караганда, Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаментинин мурдагы директору Бакытбек Мамытканов 2019-жылдын 5-июлунда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абулгазиевдин буйругу менен дайындалыптыр. Ошондой эле 2019-жылдын 4-октябрында иштеги начар көрсөткүчтөрүн эске алуу менен Мамыткановдун жазган өзүнүн арызынын негизинде өкмөт башчы аны иштен алган. Бул арыздын кол жазма вариантын министрликке тиешелүү Фейсбуктагы баракчага жүктөшкөн. Бирок, анда арызды канааттандырган тарап белгисиз, ал бөлүк жашырылган (арыздын фото көчүрмөсү төмөндө). 

Эске салсак, кечээ 21-октябрда аталган министрликтин Жайыт жана балык чарба департаменинин башчысы Бакытбек Мамытканов өзүнүн кызматтан кетишине Чодуевди күнөөлөп чыккан. Ага удаа эле Айыл чарба жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев кызматтан кеткени айтылган.

Мамыткановдун айтымында, аны кызматка дайындап жатып министр ал орун үчүн акча төлөшү керек экенин эскерткен. Бирок ал сөзгө, мурдагы департамент жетекчиси убагында маани бербептир. Ошентип командировкадан келгенден кийин иштен алынганын билген. Мындан улам өз укугун коргоо үчүн соттошо турганын айткан Бакытбек мырза.

NazarNews.kg

Последние новости