www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Чүй дарыясындагы жээк бекемдөө иштеринин жүрүшүн жеринде текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Чүй дарыясы трансчек аралык болуп эсептелип, акыркы жылдары анын сол жээгинде эрозия күчөп, айрым тилкелер урап, аймактарды суу каптоо коркунучу жаралган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, калктуу конуштарды жана чек арага жакын аймактарды коргоо максатында Чүй облусунда ири масштабдагы жээк бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө. Буга чейин жалпы узундугу 1800 метрден ашкан бир нече тилкеде иштер аяктаган.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Аламүдүн, Сокулук жана Ысык-Ата райондорунда кошумча долбоорлор ишке ашырылып, стратегиялык маанидеги тилкелерде курулуш иштери уланууда.
Мамлекеттик программага ылайык, 2033-жылга чейин Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери этап-этабы менен каржыланып, ишке ашырылып келет. Бул иш-чаралар өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана аймактык коопсуздукту камсыздоого багытталган.
Инспекциянын жүрүшүндө министр Канатбек Чыныбаев аткарылып жаткан иштердин сапатына, мөөнөттөрдүн сакталышына жана техниканын туура колдонулушуна өзгөчө көңүл буруп, тиешелүү кызматтарга бир катар тапшырмаларды берди.