www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нью-Йорк шаарында БУУнун аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 68-сессиясы өтүп жатат. Бүгүн, 14-мартта анын алкагында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова баяндама жасады.

Баяндаманын темасы: «Гендердик теңчиликке жетишүү жана бардык аялдардын, кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн институттарды бекемдөө, финансылык каражаттарды максималдуу натыйжалуу пайдалануу жаатындагы алдыңкы тажрыйба». Министр аялдарга инвестиция салуу жалпы коомдун өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

«Аялдарга билим берүү, саламаттыкты сактоо жана экономика жаатында бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берүү — институттарды бекемдөөгө жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жардам берет», - деди Г.Баатырова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости