www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев деген бар. Сагызгандан сак, кылтакка илинбейт. Самындай сыйгалак, колго токтобойт. Куру чечендиги дагы мыкты. Айтор, жеңден кончко куюлуп түшкөн жагынан алдына ат салдырбайт. Кыскача образы ушундай.
Мына ушул министр Кыргыз эл баатыры Миталип Мамытовдун колу аркылуу чок кармаган жаңылыгын өзүнүн Фейсбук баракчасына бөлүштү.
Жаңылык демекчи, Каныбек мырза президент Садыр Жапаровдун Асман шаарына капсула салган иш-чарасы коомчулукта ар түрдүү өңүттө талкууланып, ачуу сындар арбын айтылып жатканда, кыябын келтирип кошомат айткан жоругу экен.
Эң эле кызыгы, ошол кошоматын дагы өзү өз оозу менен түз айтпай, Миталип Мамытов акскалдын колу менен чок шилеп жатпайбы, кайран эргул. Дегенибиз, министр Иманалиев Мамытов акскалга президент Садыр Жапаровду мактатып текст жаздырып, аны өзүнүн баракчасына койгон.
Министр мырза сөздү алыстан айландырып келип, "Асман долбоорунун ачылышында кадырлуу инсан, Эл Баатыры Миталип Мамытов агай менен сүйлөшүп калдым. Долбоор боюнча оюңуз кандай десем, айтып берейинби, же жазып берейинби деп, жазып жиберсеңиз десем, мындай деп жибериптир", - деп баштап, Мамытов акскалга президентти мактатып, өзү упай алыптыр.
Мына айталы, Миталип Мамытов: "Президентибиз ошол улуу жыйында сүйлөп жатканда мен Садыр Нургожоевич Жапаровту жалпы элибизден жогорураак денгээлде тургандай сездим, ошол эле убакта кудайымдан ылдыйыраак экенин ойлоп турдум. Ошондуктан Садыр Жапаров элибизден Кудайыма элчи, ал эми Кудайымдан элибизге элчи болду деп айткым келди. А мен болсо, элибиздин белгилүү дарыгери-демчисимин. Ошондуктан мен айткым келет: «элчи менен демчиге душмандын колу коркок, элчи менен демчиге душмандын бычагы мокок, элчи менен демчиге душмандын тили чоркок» - деп айтсам кечирип койсун жараткан", - деп президентти Куйдадан элибизге жиберилген элчи кылып салыптыр.
Аксакал минтип аша чаап кетпейт эле, текстти Иманалиев өзү эле жазып, Миталип Мамытовдун макулдугун алып эле фамилиясын коюп койгондой сезилет. Себеп дегенде, текст негедир "Иманалиев жазган" деп эле "ырдап" тургандай туюлат. Стиль тааныш. Бермет Акаева күйөөгө тийгенде, агасы Айдар Акаевдин атынан кыз узатуу кошогун жазып бергендей эле көрүнөт...
Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу мүмкүн эмес
Булак: NazarNews.kg