www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Билим берүү отличнигин” ким алат? СССРден келаткан мыйзамдар боюнча “Билим берүү отличнигин” алуу үчүн кеминде 15 жыл педагогикалык тажрыйбасы болуш керек, андан соң, албетте, “Билим берүү отличнигине” татыган адам бир мектептин көркү болуп жакшы иштеп, башкаларга үлгү болуш керек. Ал эми Билим жана илим министри Каныбек Исаков бул кызматка келер менен жакын жердеши, Ош шаарындагы Нышанов атындагы № 50 орто мектептин география мугалими   23 жаштагы Бактыгүл Жапар кызы “Билим берүү отличнигин” алды.

Бактыгүл Жапар кызынын Ош шаарындагы Нышанов атындагы № 50 орто мектепте география мугалими болуп иштегенине үч жыл болуптур. Демек, Каныбек Исаков Ош Мамлекеттик университетинде ректор болуп турганда, анын студенти болгон. Бул кечээки  студент кызды окуткан мугалимдер 30-40 жыл мектепте окуучуларга көөнөрбөс билим берип, “Билим берүү отличнигин” алабыз дегенде эки көзү төрт болуп, бирок “Билим берүү отличнигинин” лимити аз болгондуктан гана ушул белгиге жетпей жүргөндөр канча?

Кечээки ректор Каныбек Исаков ишин баштай элек жатып  жаңылдыбы, ал Билим жана илим министри болор менен көп жылдар мектептин ачуу-таттуусун татып жүргөн мугалим агай-эжейлерге чыйт түкүрүп койду да, үч жыл иштеген  жердешине, өзүнүн жакынына, балким өзүнүн студентине “Билим берүү отличнигин” берүүдө коюлган талаптарды, кыянатчылык менен бузуп, мыйзамды сыйлабай, Каныбек Исаковду да окуткан мугалимдердин кадыр-баркын тебелеп кетти. Эми жаңы мода чыкты, жогорку окуу жайын бүткөн Каныбек Исаковдун жердештери “Билим берүү отличнигин” ала бериңиздер, сиздер үчүн министрликтин эшиги ачык, бир гана шарт - министрдин жакыны, жердеши болуш керек. Көп жыл иштеп, урмат-сыйга татып “Билим берүү отличнигине” жетпей жүргөндөр сиздер унчукпай эле пенсияга кете бериңиздер.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости