www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министр милицияларга - саясатка аралашпоону тапшырды

Ички иштер министри Улан Ниязбеков коомдук тартипти сактоо боюнча онлайн кеңешме өткөрүп, алдыдагы шайлоодо милиция кызматкерлерине саясатка аралашпоону тапшырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдайт.

“Министр Улан Ниязбеков бир дагы милиция кызматкери саясатка аралашпай, ар бир кызматтын өзүнө жүктөлгөн мыйзамдуу милдеттеринин чегинде гана элдин коопсуздугун, коомдун тынчтыгын сактоо боюнча жүктөлгөн тапшырмаларды так аткарууну тапшырды”, - деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Буга чейин президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасында мындан ары бардык шайлоо таза өтөөрүн, административдик ресурс колдонулбай турганын белгилеген.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен шайланса, 36 депутат бир мандаттуу чөлкөмдөрдөн шайланат. БШКга 75 партия шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз берген. Алардын канчасы каттоодон өтүп, шайлоого катышаары азырынча анык эмес.

Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Шайлоо тыянагына нааразылар эртеси күнү Бишкекте митингге чыгып, анын арты өлкөдө бийлик алмашууга алып келген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости