www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатчы Жылдызкан Жолдошованын оппоненттери соцтармактарга жазып чыгыптыр: «Аалам партиясы шайлоодон баш тартты, шайлоого барбайт», - деп. Анан эмнегедир Жылдызкан эженин сүрөтүн коюп коюшкан.

Эсиңерден чыгып калса керек - мындан туура 1 жыл мурун, 2020-жылы, Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо, Жолдошова «Мекенчил» партиясынын сап башында тизмеде төртүнчү болгон.

Акча каражаттары аз болсо да кабагым-кашым дебестен Баткенден баштап, Жалал-Абадды түрө кыдырып эл менен бетме-бет жолугушууларды тынымсыз өткөрүп, «Мекенчил» партиясынын парламентке өтүшүнө жана да, деги эле, керек болсо азыркы бийлик олимпинин эң чокусунда отургандардын ошол жерге келишине эбегейсиз эмгек өтөгөнүн өчүрүп салуу мүмкүн эмес!

Эринбей аңтарып деле көрүшсүн, ошол эмгектер бүтүндөй соцтармактарда кызгалдактай жайнап турат. Бул фактыны эч ким четке кага албайт.

Акылман бабаларыбыздын «Коркконго кош көрүнөт» деген таамай айткан накылы бар. Ошондуктан, Жолдошованын оппоненттери азыртан эле корко баштап, чагымчыл, жалган маалыматтарды таратпагыла дээр элек.

Жолдошова 2021-жылдын 28-ноябрь күнү өтө турган парламенттик шайлоого барат. Кимдер менен барат, жакын арада билесиздер.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости