www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети 4-октябрдагы отурумунда Министрлер кабинетинин атынан Экономика жана каржы министрлиги менен Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы ортосундагы тышкы карызды төлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча макулдашуунун долбоорун карап, макулдук берди.

Экономика жана каржы министринин орун басары Руслан Татиков долбоордо тышкы карыздын 51,1 млн долларын төлөөнү жылына 2% менен 6 жылга жылдыруу сунушталганын билдирди. Башкача айтканда, аталган суммага кошумча 3,8 млн доллар кошулуп, төлөнүүгө тийиш. Жыйында депутаттар 51,1 млн доллар карыз кайсы тармакка жумшалганы жөнүндө отчет берүүнү талап кылышты.

Акыркы расмий маалыматка ылайык, Кыргызстандын мамлекеттик карызы (ички жана тышкы карыз чогуу) жылдын ортосуна карата 416 миллиард сомдон (4 миллиард 921 миллион доллар) ашкан. Бул сумманын 85% тышкы, ал эми 15% ички карызга туура келет, жыл башынан бери жалпы сумма 7 миллион долларга кыскарганы маалымдалган. Тышкы карыздын 1,7 миллиард доллары Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына төлөнүш керек.

Тышкы карыздын негизги суммасын төлөө 2023-2028-жылдарга туура келет. Бул убакыт аралыгында Кыргызстан жыл сайын тышкы карыз үчүн 350 млн доллардан 400 млн долларга чейин төлөп туруш керек. Кыргызстан Кытайдан карыз төлөө мөөнөтүн узартууну өтүнүп келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости