www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын аймактары электр кубатын пайдалануу лимитин сактабай жатканы электр жабдууларынын ишине жана электр кубатынын кышында элге үзгүлтүксүз берилишине таасир этиши мүмкүн. Бул тууралуу Улуттук электр холдингинин маалымат кызматынан кабарлайт.

Мекемеден - апрелде министрлер кабинети «Калкты жана экономиканын тармактарын 2021/2022-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдоо» деп аталган токтомго кол койгонун эске салышты.

«Документте республиканын бардык аймактары үчүн электр энергиясын колдонуу жана анын кубаты боюнча эсептер бекитилип берилген эле, бирок ал сакталбай жатат», — деп айтылган маалыматта.

Апрелден тарта августка чейин кыргызстандыктар 471 миллион киловатт-саат электр кубатын пайдаланып, лимиттен 14 пайызга көбүрөөк жаккан. 3 383,7 миллион киловатт-саат деген көлөм бекитилсе, учурда ал 3 854,6 миллионго жеткен.

«Электр кубатынын колдонуу лимитин сактабоо энергетикалык жабдуулардын ишине жана, андан тышкары, жарыктын кышында элге үзгүлтүксүз берилишине таасир этиши мүмкүн», — деп эскертет Энергохолдинг.

3-октябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12,3 миллиард куб метрди түздү. Бул былтыркыга салыштырмалуу 3 миллиардга аз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости