www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Май-талкан жеп, акчаны самандай сапырып, эл нанга жетпей турса, кымбат баалуу элиталык квартираларды сатып алган деп көп айтылат Жоомарт Оторбаев тууралуу. Ал белгилүү окумуштуу Кайып Оторбаевдин үй-бүлөсүндө туулган.

Таякелери Нанаевдер Акаевдин учурунда акчаны бекем мыкчып, Кыргызстанды тегеретип турган. Маркум Кемелбек Нанаев Улуттук банктын жетекчиси, финансы министри, вице-премьер болгон 1993-2002-жылдары Кыргызстандан 1 млрдка жакын доллар тышка чыгып кеткен. Бул боюнча УКМК тарабынан убагында иш козголуп, анын көзү өткөнүнө байланыштуу токтоп калган.

Ал кезде премьер-министрлер Турсунбек Чынгышев, Апас Жумагулов, Кубанычбек Жумалиев, Жумабек Ибраимовдор болгон. Нанаев аларды теңине алчу эмес, түз эле Акаев менен сүйлөшчү. Кемелбек Нанаев физик жээни Жоомарт Оторбаевди Акаевдин өкмөтүнө экономиканы тейлеген вице-премьерликке өткөргөн.

Акаев качканда Жоомарт Оторбаев Кыргызстандан кетип, Лондондо Европадагы кайра куруу жана өнүгүү банкында иштеген. 2010-жылы Жоомарт Оторбаев кайтып келип «Ата-Мекен» партиясына кошулуп, вице-премьер болот. 2014-жылы премьер–министр болуп туруп «Центерранын» кыргыз мөңгүлөрүн жок кылып, экологияны бузууга уруксат берген кагазга кол койгон деп айтылат. 

Жер тыңшар Мамыттын сөзүн жазган:  Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости