www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Facebook тармагынын иштебей калышы магистралдык маршрутизаторлордун конфигурациясынын иштен чыкканынан улам болду. Бул тууралуу компаниядагы инженерлердин командасы билдиргенин РИА Новости жазат.

"Келип түшкөн маалыматтарды иштеп чыккан борборлордун ортосундагы тармактык трафиктин ишин жөнгө салууга жооп берген магистралдык маршрутизаторлордун конфигурациясынын өзгөрүшү байланышты үзүп, маселе жаратты. Тармактык трафиктин өчүп калуусу биринен бирине өтүп, маалыматтарды иштеп чыккан борборлордун ишинин жөндөмүнө таасир тийгизди", — деп айтылат Facebook инженерлеринин билдирүүсүндө.

Муну менен катар Facebook - кечээки окуя Instagram жана WhatsApp кызматынын иштебей калышы менен коштолсо дагы, колдонуучулардын маалыматтарынын ачыкталып кетишине шарт түзгөн эмес.

Компания ээлик кылган Facebook, Instagram, WhatsApp жана бир катар башка тиркемелер дүйшөмбү күнү, 4-октябрда, жети саатка чейин иштебей калды.

Downdetector сайтынын маалыматына караганда, Facebook тармагынын тарыхындагы бардык кызматтары жана көпкө иштебей калган биринчи учур болду. Мунун фонунда социалдык тармактын биржадагы акцияларынын жалпы баасы беш пайызга түшүп кетти. Ал эми Facebook'тун негиздөөчүсү Марк Цукерберг жети миллиард доллар жоготкону айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости