www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 8-апрелинде Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде Коргоо министри генерал-майор Руслан Мукамбетов Түркия Республикасынын Улуттук коргонуу университетинин ректору профессор Эрхан Афйонжу менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аскердик билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Өзгөчө көңүл өнөктөштүк байланыштарды чыңдоого, тажрыйба алмашууга жана жогорку квалификациялуу аскер кадрларын даярдоого бурулду.

Кыргыз Республикасына болгон иш сапарынын алкагында профессор Эрхан Афйонжу ошондой эле «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барып, курман болгондордун элесине урмат көрсөтүү иретинде гүл жана гүлчамбар койду.

Последние новости