www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Автобиографиясын карасаң, жарым барак толбойт. Чампаламай. Райондук деңгээлдеги кызматтан эле «Бир Бол» партиясы аркылуу келип, өзгөчө кырдаалдар министри болуп алган.

Баса, бул эргулдун Сузакта аким болуп жүргөндөгү кылыктары, жерлерди мыйзамсыз сатууга шектелгени боюнча өзүнчө токтолобуз. Азыр кеп башкада.

Биз суроо салалы, жооп берип көрүңүз?

- Нурболот мырза, жакынкы күндөрү «Манас» эл аралык аэропорту тараптан улак тартышка барганыңыз, ал жактан жердешиңиз менен чырдашканыңыз кандай? Шайлоодо акча жеп алдыңыз беле? Ошонун кесепетинен сузактык жердешиңиз ачууланып, чындык үчүн сизди кайыштыра кармап уруп койгонун моюнга аласызбы?

«Министр акебизге болушабыз» деген «жетим жүгүрүктөр» да токмок жеди беле? Андан кийин балдарды топтоп, «разборка» кылууга чамынып, бирок, кайран дух жетпей элдешүүгө бардыңызбы? Дал ушул окуя боюнча «Азия Ньюс гезитине жооп берип койсоңуз, кеп чекитти андан кийин коёлу!

«Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун кадрлары башынан эле ар балээге шектелгени, же чала сабаттыгы менен бийлик кадырын кетирип келгени ачуу чындык! Алтынбек мырза мындан ары пулуна карабай, иш билги, сабаттуулугуна карап мамиле кылганды үйрөнөбү? Же «көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы» сыңарындагы таз кейпинен арылбай калдыбы?..

Арстан Алгырбеков

Булак: "Азия Ньюс"

Последние новости