www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 29-январда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) вице-президенти Йошикава Йошифуми менен жолугушту.
Министр Сыргабаев JICAнын жардамы менен өлкөбүздүн жол жана транспорт инфраструктурасын жакшыртууга багытталган 30дан ашык долбоор ийгиликтүү ишке ашырылганын билдирип, төмөндөгүлөргө токтолду.
“Жол жана транспорт инфраструктурасын жакшыртуу, жол коопсуздугун жогорулатуу жана акылдуу транспорттук системаларды киргизүү багытында Япониянын эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) менен кызматташууну улантууну зарыл жана пайдалуу деп эсептейбиз”,-деди министр.
Өз кезегинде Йошикава Йошифуми тараптардын кызматташтыгы мындан ары да тереңдей турганын айтып, Кыргызстандагы инфраструктуралык долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирди.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы