www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылга карата Кара-Кече көмүр кенинде жалпысынан 1 млн 622 миң тонна көмүр казуу пландалууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын 700 миң тоннасы Бишкек ЖЭБине, 700 миң тоннасы калкка, ал эми 200 миң тоннасы бюджеттик жана социалдык мекемелерге жеткирилет.
Бүгүн министрдин орун басары Насипбек Керимов Кара-Кече жана Агулак көмүр кендериндеги күз-кыш мезгилине карата даярдык иштерин жеринде текшерди. Учурда кыртышты ачуу иштери бекитилген планга ылайык жүрүүдө.
Көмүр казуу өндүрүшүнүн темпине май айындагы жаан-чачындын көп болушу бир аз таасир эткен. Сапардын жыйынтыгында алдыдагы жылытуу мезгилинде калкты жана керектөөчүлөрдү көмүр менен өз убагында камсыз кылуу тапшырмасы берилди.