www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда жарандар дарыгерлерге көп кайрыла башташты. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун дарыгерлерине кайрылгандардын саны 305 миң 274 адамга, фельдшердик-акушердик пункттардын 70 миң 877ге көбөйгөн.

Бирок, ооруканага жаткыруу көрсөткүчү дээрлик өзгөрүүсүз калып,100 адамга 6,3тү түздү (2021-жылы 100 миң адамга 6ны түзгөн). Республикада ооруканадан каза болгондор өткөн жылга салыштырмалуу бир аз төмөндөп, 0,7 пайызды түздү (2021-жылы - 0,9 пайыз).

Жаркынбек Касымбеков кошумчалагандай, 17 ҮМБ жана 61 жалпы дарыгерлик практика борбору калкка алгачкы медициналык жардам көрсөтөт, аларда 680 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана 168 ФАП бар. Калкка стационардык жардамды 121 саламаттык сактоо уюму көрсөтөт.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости