www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

24-мартта Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Башкы катчысы Феридун Хади Синирлиоглу менен анын кызматка дайындалгандан кийинки Кыргызстанга жасаган алгачкы сапарынын алкагында жолугушуусу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен ЕККУнун коопсуздуктун үч өлчөмү: аскердик-саясий, экономикалык-экологиялык жана гуманитардык боюнча өз ара аракеттенүү маселелери кеңири талкууланды.

Тараптар кызматташтыктын учурдагы деңгээлин канааттануу менен белгилешти. Ж.Кулубаев ЕККУга демократиялык процесстерди колдогону, өлкөнүн туруктуулугун жана коопсуздугун чыңдаганы үчүн ыраазычылык билдирди. Өлкө үчүн артыкчылыктуу болгон коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, санариптештирүү жана натыйжалуу башкаруу, сот жана укук коргоо системаларын реформалоо, ошондой эле экономикалык өнүгүү, экология жана климат сыяктуу тармактарда ЕККУнун ишке ашырылып жаткан долбоорлорунун актуалдуулугун белгиледи.

Тараптар ЕККУнун Бишкектеги Академиясынын ишмердүүлүгүн колдоого жана кеңейтүүгө өз ара даяр экендиктерин билдиришти. ЕККУнун Башкы катчысы Кыргыз Республикасынын ЕККУ менен өз ара аракеттенүүсүнүн жогорку деңгээлин кубаттап, биргелешкен аракеттерди мындан ары да колдой турганына ишендирди.

Мындан тышкары аймактык күн тартибиндеги маселелер, атап айтканда, Борбордук Азиядагы интеграциялык процесстер, ошондой эле аймактын мамлекеттеринин алдында турган коопсуздукка болгон чакырыктар жана коркунучтар, аларды чечүү боюнча ЕККУнун болгон куралдары менен механизмдерин пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Последние новости