www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2025-жылдын 24-декабрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев IV Элдик Курултайга катышуу үчүн Россия Федерациясынан, Казакстан Республикасынан, Түркия Республикасынан, Германия Федеративдүү Республикасынан, АКШдан, Канададан, Италия Республикасынан, Чехия Республикасынан, Улуу Британиядан, Литва Республикасынан, Словакия Республикасынан, Польша Республикасынан, Корея Республикасынан жана Египеттен келген мекендештердин диаспоралык уюмдардан шайланган 30 делегат менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Министр Ж.Кулубаев өлкө жетекчилиги жүргүзүп жаткан учурдагы саясий багыт, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, ошондой эле Президент Садыр Жапаров тарабынан коюлган милдеттерди ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан чет өлкөлөрдө жашап жаткан кыргызстандыктардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат берди.

Жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө жүргөн мекендештердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Делегаттар өздөрү өкүлчүлүк кылган диаспоралардын атынан чет мамлекеттерде жашаган кыргызстандыктар туш болгон актуалдуу көйгөйлөрдү көтөрүштү.

Министр Ж. Кулубаев делегаттар тарабынан айтылган сунуштар жана көтөрүлгөн маселелер министрликтин өзгөчө көзөмөлүндө болорун белгилеп, Тышкы иштер министрлиги диаспоралар менен өз ара байланыштарды мындан ары да чыңдап, Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө коргоо ишин уланта берерин баса белгиледи. Ошондой эле ал айтылган сунуштар Кыргызстандын мындан аркы өнүгүшүнө олуттуу салым кошоруна ишеним билдирди.

Последние новости