www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 13-апрелинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сауд Арабия Падышалыгынын Тышкы иштер министри Ханзаада Файсал бин Фархан Аль Сауд менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Министр Ж.М.Кулубаев Жакынкы Чыгыштагы туруктуулукту жана коопсуздукту сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун атынан Сауд Арабиянын бир тууган элине чын дилден тилектештигин билдирди.
Тараптар кырдаалдын тез арада деэскалация болушуна, саясий-дипломатиялык диалогдун кайра жанданышына жана аймакта тынчтык менен туруктуулукту калыбына келтирүүгө багытталган конкреттүү чаралар кабыл алынарына үмүт билдиришти.