www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2025-жылдын 19-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Японияга болгон расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Япониянын Тышкы иштер министри Тосимицу Мотэги менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Ж.Кулубаев Т.Мотэгини Япониянын ТИМ башчысы кызматына кайрадан дайындалышы менен куттуктап, анын ишмердүүлүгү мындан ары да кыргыз-япон достук мамилелерин бекемдөөгө жана тереңдетүүгө өбөлгө түзөрүнө ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Т.Мотэги япон тараптын биргелешкен демилгелерди илгерилетүүдө жана Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө активдүү өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин ырастады.

Тараптар күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, анын ичинде эки тараптуу жана «Борбор Азия + Япония» Диалогу алкагында жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу, ошондой эле кызматташтыктын ар кандай тармактарындагы учурдагы жана келечектеги долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Япониянын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда 2026–2027-жылдарга карата Кызматташтык программасына кол коюлду. Бул программа эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун ортосундагы саясий диалогду мындан ары өнүктүрүүгө жана практикалык өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө багытталган.

Ошондой эле, жолугушуунун аягында Министр Ж.Кулубаевге 500 миллион йен өлчөмүндөгү Япониянын экономикалык жана социалдык өнүктүрүү программасынын алкагында Кыргызстанга өткөрүлө турган атайын мобилдик медициналык контейнерлер көрсөтүлдү.

2025-жылдын 19-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Японияга болгон расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Япониянын Тышкы иштер министри Тосимицу Мотэги менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Ж.Кулубаев Т.Мотэгини Япониянын ТИМ башчысы кызматына кайрадан дайындалышы менен куттуктап, анын ишмердүүлүгү мындан ары да кыргыз-япон достук мамилелерин бекемдөөгө жана тереңдетүүгө өбөлгө түзөрүнө ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Т.Мотэги япон тараптын биргелешкен демилгелерди илгерилетүүдө жана Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө активдүү өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин ырастады.

Тараптар күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, анын ичинде эки тараптуу жана «Борбор Азия + Япония» Диалогу алкагында жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу, ошондой эле кызматташтыктын ар кандай тармактарындагы учурдагы жана келечектеги долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Япониянын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда 2026–2027-жылдарга карата Кызматташтык программасына кол коюлду. Бул программа эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун ортосундагы саясий диалогду мындан ары өнүктүрүүгө жана практикалык өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө багытталган.

Ошондой эле, жолугушуунун аягында Министр Ж.Кулубаевге 500 миллион йен өлчөмүндөгү Япониянын экономикалык жана социалдык өнүктүрүү программасынын алкагында Кыргызстанга өткөрүлө турган атайын мобилдик медициналык контейнерлер көрсөтүлдү.​​​​​​​

Последние новости