www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эрулан Көкүлов «опасный» депутат мурунку Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевди жандап жүрүп, бир заматта жок кылган. Эмки кезекте Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева. Кыргызстанда башталгыч класста окуган балдардын бир маал тамагын мектепте уюштурууга мамлекеттен ар бир окуучуга бөлүнүүчү акча 14 сом болот. «Назарньюс» маалыматтык порталынын билдиргенине караганда, бул тууралуу жыл жаңырар алдында Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинде билдирген.
Айрым депутаттар бул акчанын өтө эле аздыгына нааразылыгын айтышты. Депутат Айбек Маткеримов өкмөт буга чейин балдардын ысык тамагына бөлүнүүчү акчаны 20 сомго чыгаруу тууралуу айтылганын эскерткен: "Биз депутат болуп келгенден тартып эле окуучулардын тамагынын акчасын көбөйтөбүз деп эле убада берип келе жатасыңар. Депутаттар мектептерди кыдырып, балдардын тамагын текшерип, көргөндөн кийинки талкууда балдардын тамагына 20 сом бөлүнүшү керек деген бүтүм чыгарып, депутаттык тапшырма да бергенбиз. Бирок бүгүнкү күнү 14 сом деп жатасыздар? 14 сомго бүгүн эмне келет?" - деген депутат акчанын аздыгынан окуучуларга эптемей тамактар берилип жатканын айтып кетти.
Министрдин орун басары бүгүнкү күнү да окуучуларга күнүнө 7 сомдон эле бөлүнүп келе жатканын айтып, 20 сом тууралуу мурда укпаганын билдирди. Ал эми экономика министринин орун басары Жибек Дүйшеева 2024-жылы 14 сомго, 2025-жылы 19 сомго көтөрүү сунушталганын маалымдады: "Министрлер кабинетинде балдарга берилүүчү тамактын калориялуулугун саналып, бир балага бир маал тамагы үчүн 19 сом жетери аныкталган. Бул суммага улам бир баскыч менен эки жылда жетүүнү көздөп жатабыз", - деди Дүйшеева.
Депутат Эрулан Көкүлов балдардын тамагына 20 сом да жетпесин айтып, министрлердин орун басарларынан өздөрүнүн балдарынын эртең мененки тамагына 20 сом жетерин сурады.
Башталгыч класстын окуучусунун тамагына деген акчаны 7 сомдон 20 сомго көбөйтүү пландалып жатканы былтыр да айтылган.“Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү мектептерде окуучулардын тамак-ашын уюштуруу жөнүндө” жобо 2006-жылы кабыл алынган. Бул багытта өкмөткө эл аралык уюмдар да жардам беришет.
Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева Кыргызстанда мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталган мектептердин директорлору кызматтан алынарын билдирди. Министрдин сөзүнө караганда, эки айда мектептин күнүмдүк муктаждыктарына - бор, чүпүрөк, кагазга бюджеттен 50 млн сом бөлүндү жана кийинки жылга да каражат каралган: “Ар бир ата-эне, директорго кайрылам, акча алуу токтотулду. Камкорчулар кеңешине да жарлыктын негизинде акча чогултууга тыюу салдык. Акча чогултууга байланыштуу айрыкча Бишкекте болгон окуялар териштирилип жатат. Эгерде фактылар аныкталса мамлекеттин саясатын колдобогону жана негизсиз акча жыйнаганы үчүн айрым директорлор менен кош айтышабыз”, - деди Догдургүл Кендирбаева.
Президент Садыр Жапаров быйыл май айында мектептерде акча чогултууга тыюу салган жарлык чыгарган. Ага ылайык, билим берүү мекемелеринде мыйзамсыз акча чогултууга жана мектептердин алдында коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынары белгиленген.
Ушул тапта президенттин жарлыгына карабай мектептерде ар кандай шылтоо менен дагы деле акча жыйналып жатканын айткан ата-энелер бар. Бул маселе 15-16-декабрь күндөрү Бишкекте өткөн экинчи Элдик курултайда да көтөрүлүп, айрым делегаттар жарлык аткарылбай жатканын айтышты.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg