www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 4-февралында видеоконференция форматында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов Бахрейн Падышалыгынын Тышкы иштер министринин орун басарынын милдетин аткаруучу жана эки тараптуу кызматташтык боюнча Башкы директору шейх Абдалла бин Али Аль Халифа менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-бахрейн мамилелеринин учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, саясий диалогду тереңдетүүгө, соода-экономикалык, инвестициялык жана гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экендиктерин белгилешти.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2025-жылдын апрелинде Бахрейн Падышалыгына жасаган расмий сапары эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүгө жаңы дем бергендиги белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелерди мындан ары бекемдөөгө даяр экендиктерин тастыкташты.

Последние новости