www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 24-февралында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакировдун Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен БУУ системасынын ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашып, 2025-жылдагы биргелешкен ишмердүүлүктүн жыйынтыктарын чыгарышты жана алдыдагы мезгилге карата өз ара аракеттенүүнүн пландарын белгилешти.

Ошондой эле алдыдагы сапарларды даярдоого, регионалдык жана эл аралык күн тартибиндеги маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу маселелери каралды. Антье Граве өлкөдө ишке ашырылып жаткан учурдагы жана келечектеги долбоорлор боюнча биргелешкен ишти улантууга даяр экендигин белгиледи.

Өз кезегинде Медер Абакиров кыргыз тараптын кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экендигин билдирип, БУУ системасынын Кыргыз Республикасындагы ишмердүүлүгүнө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин ырастады.

Последние новости