www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башка системаларга караганда ИИМде кызматкерлер менен жетекчилер арбын эмеспи. Ошон үчүн көп сөз ырбайт. “Кой аксагы менен миң” дейт... Мурдатан элден алыстап, рейтинги түшүп кеткен “кызыл шапкечендер” бир жарым жылдан бери оңоло баштаганы белгилүү.

Октябрь революциясынан кийин Улан Ниязбеков министрлик кызматка дайындалып, муз ордунан жылды. Айсбергдин үстү көрүнгөнү менен астындагы эбегейсиз түптүүлүгү билинбей, ошого жараша көйгөйлөрү арбын эле.

Акырындыкта оңолууга из салынды. Улан Ниязбеков милицияны элге иштетүүгө, коомдук коопсуздук абалды тыкыр кароого, кылмыштуулуктун алдын алууга, чарбалык, социалдык маселелерди батыл чечүүгө кадам жасап, айтор, оркойгон катачылыктарды оңдоп, тазалыкка, профессионалдуулукка кадам таштаган.

Реалдуу анализдери жетиштүү. Мындай шартта арка-бел катары кызмат кылган жетекчилердин салым кошорун билебиз. Ошолордун көч башында Нурбек Абдиев жемиштүү иштеп, милицияга чын дилинен күйгөнү, кылмыштуулукка каршы аёосуз күрөшкөнү менен кубандырат.

Эң башкысы, шефине тилеги ак, тирөөч катары ак дилден кызмат кылып, интригаларга аралашпай, өзүнүн кесипкөйлүгүн жүзөгө ашырууда. Натыйжада, Нурбек Такабаевичтин көп жылдык эмгегинин акыбети кайтып, генералмайор чин-даражасын татыктуу түрдө алды.

Бул боюнча өздүк курам да колдоду. Министр Улан Ниязбековдун жанында дал ушундай белдүү кадрлар турганда, милициянын түйшүгүн эриш-аркак көтөрүп кетүүгө негиз, ишеним да бар.

Ал эми ИИМдин башка орун басарлары, жетекчилери үлгү алышсын!

Булак: Азия News гезити

Последние новости