www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, уюмдардын жана мамлекеттик бюджеттен каржылануучу ишканалардын кызматкерлеринин жаңы жылдык эс алуу күндөрүн эки календардык күнгө – 2026-жылдын 8 жана 9-январына узартуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

Мындай чечим үй-бүлө институтун бекемдөө жана кышкы каникул учурунда ата-энелердин балдары менен бирге эс алуусу үчүн кошумча шарттарды түзүү максатында кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык кабыл алынган.

Чечимге ылайык, жеке менчик юридикалык жактардын жетекчилерине ошондой эле кызматкерлердин эмгек жана үй-бүлөлүк турмушунун ортосунда балансты түзүүгө көмөктөшүүчү бул ченемдик укуктук актыны өз ишинде колдонуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталды.

Бул токтомго Министрлер Кабинетинин Төрагасы кол койду жана 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Последние новости