www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинети мамлекеттик органдар үчүн электромобиль сатып алуу үчүн 450 млн. сом сарптоону пландаштырууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Депутат Дастан Бекешев автоунааларга бул жылдын аягына чейин 45 млн. сом бөлүнүп, калган 405 млн. сом кийинки жылы караларын айткан. Ал сатып алууну кийинки жылга жылдырууга болорун сурады.

Каржы министри Алмаз Бакетаев документтерге кол коюлганын айтып, ал эми 405 млн. сом келишимдин уландысы болорун кошумчалаган. Депутат автоунааларды ким сатып аларына кызыгып суроо узаткан.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев электромобилдер министрликтерге берилерин билдирген.

“Эгер электромобилдерди сатып алып, аларды кайра таратсак, анда азыркы автоунаалар сатыкка коюлат. Мындай жол менен чыгымдын ордун жабууга болот”, — деди аткаминер.

Азырынча канча автокөлүк сатып алынары белгисиз.

Булак: "sputnik.kg"

Последние новости