Ломбард ишинин маселелери жөнүндө
“Ломбарддардын иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 8-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Ломбарддардын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүнө карата төмөнкүдөй талаптар белгиленсин:
1) 2025-жылдын 1-январынан тартып – 3 000 000 (үч миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө;
2) 2026-жылдын 1-июлунан тартып – 7 000 000 (жети миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө;
3) 2027-жылдын 1-июлунан тартып – 14 000 000 (он төрт миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө;
4) 2028-жылдын 1-июлунан тартып – 20 000 000 (жыйырма миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында ломбарддардын ишин уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 353 “Ломбард ишинин маселелери жөнүндө” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-сентябрындагы № 477 “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 9-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-январындагы № 43 “Банктык эмес финансылык рыноктун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 3-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 330 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн банктык эмес финансылык рынок маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 502 “Ломбард иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-ноябрындагы № 671 “Ломбард ишинин маселелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтомунун 1-пункту;
7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-сентябрындагы № 556 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин лицензиялоо-уруксат берүү иши чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту.
4. Ломбард ишинин субъекттери алты айлык мөөнөттө ишин Кыргыз Республикасынын аймагында ломбарддардын ишин уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө жобонун талаптарына ылайык келтирсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.А. Касымалиев