www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев санарип тармагынын жетекчилери менен быйылкы жылдын жыйынтыгын чыгарган жыйын өткөрдү.
Минкабдын басма сөз кызматы билдиргендей, санариптик трансформациянын маанилүүлүгүн эске алуу менен мамлекеттик органдарда санариптештирүү маселелерин тескеген жетекчилердин орун басарларынын кызматтары түзүлдү.
Мындан тышкары онлайн арыз берүү аркылуу туулгандыгы тууралуу күбөлүктү алууда, транспорт каражаттарын кайра каттоодо жана оорулуу боюнча өргүүнү алуу сыяктуу бир катар кызматтарды киргизүүнүн аркасында жарандар мамлекеттик органдарга барууну минималдаштырууга мүмкүнчүлүк алышты. Бакыт Төрөбаев мамлекеттик органдарды санарип тармагында жетишилген натыйжалар тууралуу калкка жеткиликтүү маалымат берүүгө чакырды.
Анын айтымында, аймактардагы айрым жарандар бир катар мамлекеттик кызматтарды уюлдук телефон аркылуу алууга боло тургандыгы жөнүндө кабардар эмес. Бардык санарип тармагында иш жүргүзгөн жетекчилерге бул маселени өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди.
Булак: NazarNews.kg